Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОКУУ ЖАЙДЫН ТАЛАНТТАРЫ ОТЧЁТТУК КОНЦЕРТ КОЙДУ
14 май 2024
80

ОКУУ ЖАЙДЫН ТАЛАНТТАРЫ ОТЧЁТТУК КОНЦЕРТ КОЙДУ

ОКУУ ЖАЙДЫН ТАЛАНТТАРЫ ОТЧЁТТУК КОНЦЕРТ КОЙДУ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде музыкалык-педагогикалык факультети тарабынан жумалык уюштурулуп, анын алкагында бүгүн отчёттук концерт коюлду.
Иш чара университеттин чоң жыйындар залында өтүп, мында аталган факультеттин таланттары жогорку деңгээлдеги отчёттук концертин тартуулашты. Саамалык музыкалык билим берүү жана аны окутуунун усулу кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага окуу жайдын окутуучулары жана студенттери күбө болушту.
Концерт эки бөлүктөн туруп, алгачкы бөлүгүндө студенттерден түзүлгөн “Барс” эстрадалык тобу гитара, бас – гитара, барабан, пионино сыяктуу аспаптардын коштоосунда кыргыз, орус, англис тилдериндеги заманбап чыгармаларды жандуу аткарышып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
Аны улай Аптаба Нышанова баштаган окутуучулардан турган “Кербен” фольклордук ансамбли жылдык отчёттук концертин койду. Мында кыргыздын улуттук аспаптары жана башка элдердин түрдүү аспаптары чертилип, ансамблдин коштоосунда элдик чыгармалар аткарылды.
Белгилей кетсек аталган жумалык 17 – майга чейин уланып, алдыда студенттердин инсандык чыгармачылык потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү багытында иш чаралат өткөрүлөт.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro