ПРОФЕССОР КАРАТАЙ САРТБАЕВГЕ АРНАЛГАН ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ УЮШТУРУЛДУ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ПРОФЕССОР КАРАТАЙ САРТБАЕВГЕ АРНАЛГАН ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ УЮШТУРУЛДУ
17 май 2024
130

ПРОФЕССОР КАРАТАЙ САРТБАЕВГЕ АРНАЛГАН ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ УЮШТУРУЛДУ

ПРОФЕССОР КАРАТАЙ САРТБАЕВГЕ АРНАЛГАН ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ УЮШТУРУЛДУ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Заманбап башталгыч билим берүү: тажрыйбалар жана келечеги” аталышында илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференция профессор Каратай Сартбаевдин элесине арналып, Сартбаевдик окуулардын негизинде уюштурулуп, ага окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев, илимий иштер боюнча проректор Равшан Абсатаров жана Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын ЖОЖдорунан келген окутуучулар, студенттер катышты.
Саамалыкты университеттин ректору Бекмурза Зулуев ачып, Каратай Сартбаевдин билим берүүдөгү ишмердүүлүгүнө токтолуу менен бирге жалпы катышуучуларга ийгиликтерди каалады. Ошондой эле профессордун шакирттери, жакындары, замандаштары да анын башталгыч билим берүүдөгү ийгиликтери, эмгектери тууралуу кеп козгоп, ой-пикирлери менен бөлүштү.
Иш чара пленардык жыйын менен уланып, мында адабий окуу китептери жана Каратай Сартбаев, Сартбаев атындагы илимий изилдөө лабороториясынын жүргүзгөн иштери, кыргыз педагогикасына зор салым кошкон кош жылдыз, Каратай Сартбаевдин орфографияны окутууга арналган эмгектеринин табияты боюнча илимий баяндамалар жасалды. Бул менен бирге мыкты окуган студенттерге Сартбаев атындагы стипендиялар ыйгарылды.
Пленардык жыйын аяктаган соң катышуучулар 4 секциялык ишке бөлүнүп, өз макалаларын коргошту. Конференцияга жалпысынан 70тен ашык макала келип түшкөн. Жыйынтыгында конференциянын рещолюциясы кабыл алынып, мыкты баяндамачылар уюштуруу тобу тарабынан сертификаттарга ээ болушту.
Белгилей кетсек аталган илимий конференция Сартбаевдик окууларды жайылтуу, анын эмгектерин даңазалоо максатында окуу жайдын музыкалык-педагогикалык факультетинин башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн теориясы жана усулу кафедрасы тарабынан уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro