БОЛУШ МАДАЗИМОВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АСПАПТАР ОРКЕСТРИ ОшМПУда » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » БОЛУШ МАДАЗИМОВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АСПАПТАР ОРКЕСТРИ ОшМПУда
20 май 2024
127

БОЛУШ МАДАЗИМОВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АСПАПТАР ОРКЕСТРИ ОшМПУда

БОЛУШ МАДАЗИМОВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АСПАПТАР ОРКЕСТРИ ОшМПУда
Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын Болуш Мадазимов атындагы эл аспаптар оркестри ОшМПУнун жамаатына концерттик программа тартуулашты.
Иш чара окуу жайдын музыкалык-педагогикалык факультетинин музыкалык билим берүү жана аны окутуунун усулу кафедрасы тарабынан академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында уюштурулуп, ага окутуучулар жана студенттер күбө болушту.
Мында Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын Болуш Мадазимов атындагы эл аспаптар оркестри тарабынан жогорку деңгээлдеги концерттик программа коюлуп, кыргыз күүлөрү чертилди. Ошондой эле фольклордук жанрдагы чыгармаларды жана элдик ырларды ансамблдин коштоосунда жандуу аткарышты.
Бул менен бирге эки тараптуу мамилени чыңдоо жана кызматташтыкты арттыруу максатында аталган филармониянын артистери менен музыкалык – педагогикалык факультетитнин студенттери жана окутуучулары биргеликте ырдап, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай жаратышты.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro