ОшМПУнун ОКУТУУЧУСУ ЫСЫК-КӨЛ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ КОНФЕРЕНЦИЯДА » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУнун ОКУТУУЧУСУ ЫСЫК-КӨЛ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ КОНФЕРЕНЦИЯДА
3 сентябрь 2024
1 028

ОшМПУнун ОКУТУУЧУСУ ЫСЫК-КӨЛ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ КОНФЕРЕНЦИЯДА

ОшМПУнун ОКУТУУЧУСУ ЫСЫК-КӨЛ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ КОНФЕРЕНЦИЯДА

2024- жылдын 23-24- август күндөрү  Ысык- Көл мамлекеттик университетинде Эл аралык илимий- практикалык конференция болуп өттү.

Саамалык Бекбоевдик VII окуулар : Ааламдашуу шартындагы билим берүүдө  жасалма интеллект, санариптик технологияларды колдонуунун жетишкендиктери жана көйгөйлөрү аталышында болуп, ага жети дубандан келген окумуштуулар, илим изилдөөчүлөр жана ЖОЖдордон келген  окутуучулар катышты.

Алардын катарында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын п.и.к., доцент Зырапа Абдывасиева да катышып, мында ал “Мектепке чейинки математикалык билим берүүдө  заманбап тенологияларды колдонуу" аталышында доклад окуду. Аталган макала учурдун талабына шайкеш келгендиги үчүн катышуучулардын алкоосуна татыды.

Пленардык жыйын аяктаган соң катышуучулар заманбап усулдарды колдонуу менен секциялык иштерге бөлүнүп, өз макалаларын коргошту. Жыйынтыгында конференциянын резолюциясы кабыл алынып, мыкты баяндамачылар уюштуруу тобу тарабынан сертификаттарга ээ болушту.  

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro