Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК БОЮНЧА КӨРГӨЗМӨ ӨТТҮ
5 декабрь 2024
41

ОшМПУда КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК БОЮНЧА КӨРГӨЗМӨ ӨТТҮ

ОшМПУда КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК БОЮНЧА КӨРГӨЗМӨ ӨТТҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин музыкалык-педагогикалык факультетинде “Кол өнөрчүлүк – элдик мурас” аталышында көргөзмө уюштурулду.
Ага университеттин окутуучулар жамааты жана студенттери күбө болушту. Мында факультеттин студентеринин чеберчилик менен колго жасалган түрдүү көргөзмөлөрү,чыгармачылык менен колго жасалган буюмдары, жаратылыш, жаныбарлар, канатуулар тартылган сүрөттөр, көйнөк көргөзмөсү, пейзаж, живопись, мозаика, пластилин, конструкция жана натюрморт жанрындагы сүрөттөр стол үстүнө жайылды.
Иш чаранын жүрүшүндө куттуктоо сөздөрү сүйлөнүп, аны улай таланттуу студенттердин аткаруусунда жагымдуу чыгармалар, бийлер аткарылып, концерттик программа тартууланды. Соңунда активдүү катышкан студенттерге жана тайпаларга уюштуруу тобу тарабынан диплом жана түрдүү номинациялар тапшырылды.
Белгилей кетсек аталган иш чара окуу жайдын 100 жылдыгына карата башталгыч, меткепке чейинки билим берүүнүн теориясы жана усулу кафедрасы тарабынан кол эмгек жана көркөм өнөр окутуунун усулу предметинин негизинде өткөрүлдү.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro