18 март 2025
28
ОшМПУнун таланттары жана болочок милиция кызматкерлери сармерден оюнунда
ОшМПУнун таланттары жана болочок милиция кызматкерлери сармерден оюнунда
Бүгүн КР ИИМдин Республикалык окуу борборунун Ош шаарындагы филиалынын курсанттары жана Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери элдик сармерденде таймаш курушту.
Иш чарага университеттин мамлекеттик тилди өнүктүрүү борборунун башкы адиси Бектур Исамидин уулу, КР ИИМдин Республикалык окуу борборунун Ош шаарындагы филиалынын башчысы, милициянын полковниги Максатбек Исаев, Республикалык окуу борборунун өкүлдөрү, Ардагерлер кеңешинин төрагалары жана атайын чакырылган коноктор катышты.
Саамалык көктөм алып келген Нооруз майрамын утурлай уюштурулуп, мында сармердендин салтына ылайык түрдүү номерлер аткарылды. Ага ылайык көрүүчүлөрдүн күчтүү сүрөөнү менен катышуучулар жогорку маанайда өз чыгармачылыктарын тартуулашты.
Бул менен бирге окуу жайдын музыкалык-педагогикалык факультетинин окутуучуларынан түзүлгөн ансамблдин коштоосунда элдик ырлар жаңырып, макал-лакап, акыйнек, бийлер аткарылып, кыргыз маданиятынын улуулугу даңазаланды. Ар бир аткарылып жаткан номер көрүүчүлөр тарабынан жогору бааланып, студенттердин жана талапкерлердин өзгөчө даярдыгы, мыкты таланттардын аткаруусу сармерденди өз максатына жеткире алды.