ОшМПУда студенттик аймактык илимий-теориялык конференция өтүүдө » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда студенттик аймактык илимий-теориялык конференция өтүүдө
9 апрель 2025
42

ОшМПУда студенттик аймактык илимий-теориялык конференция өтүүдө

ОшМПУда студенттик аймактык илимий-теориялык конференция өтүүдө
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Сергек жашоо образын туу туткан билимдүү студенттин үлгүсү” аталышында илимий конференция өтүп жатат.
Иш-чарага окуу жай жетекчилиги, профессордук-окутуучулук жамаат жана Оштогу жогорку окуу жайлардын студенттери катышууда. Саамалыкты университеттин ректору Бекмурза Зулуев ачып берип, ал студенттерди сергек жашоо образына чакырып, илим-билимди өнүктүрүү заман талабы экенин белгиледи.
Бул менен бирге окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Равшан Абсатаров, музыкалык-педагогикалык факультетинин деканы Кундуз Миңбаева, дене тарбия факультетинин деканы Абдубахап Капаров, аталган факультеттин ардактуу окутуучусу Мурзаш Жумабаев сөзгө чыкты. Аны улай конференциянын күн тартибине ылайык пленардык жыйын өткөрүлүп, мында жаш илим изилдөөчүлөр түрдүү темадагы баяндамаларды жасоодо.
Алдыда секциялык иштер уюштурулуп, анда студенттер педагогика жана психологиялык илимдер, дене маданияты, филологиялык, социалдык экономикалык жана физика математикалык илимдер багытында өз макалаларын сунушташат. Жыйынтыгында конференциянын резолюциясы кабыл алынып, мыкты баяндамачыларга сертификаттар тапшырылат.
Белгилей кетсек аталган саамалык окуу жайдын 100 жылдыгына карата университеттин музыкалык-педагогикалык факультети жана дене тарбия факультети тарабынан уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro