22 апрель 2025
12
ОшМПУнун сырттан окуу бөлүмүнүн студенттери отчёттук концерт тартуулашты
ОшМПУнун сырттан окуу бөлүмүнүн студенттери отчёттук концерт тартуулашты
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде музыкалык-педагогикалык факультетинин сырттан окуу бөлүмүнүн студенттери жылдык отчёттук концертин койду.
Иш-чара университеттин 100 жылдык мааракесине арналып, музыкалык билим берүү жана аны окутуунун усулу кафедрасы тарабынан уюштурулду. Ага профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер катышып, студенттердин чыгармачылык дараметине жакындан күбө болушту.
Концерттик программага көркөм билим берүү (музыка) адистигинин Мзд-1-23, Мзд-2-23, Мзд-1-22 жана Мзд-4-21 тайпаларынын студенттери активдүү катышып, мында алар кыргыз элинин улуттук ырларын, күүлөрүн, дүйнөлүк классикалык чыгармаларды жана автордук обондорду аткарышты. Ар бир номер өзгөчө чыгармачылык менен даярдалып, көрүүчүлөрдүн купулуна толду.