ОшМПУ таланттары окуу жайдын 100 жылдыгына карата отчёттук концерт койду » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУ таланттары окуу жайдын 100 жылдыгына карата отчёттук концерт койду
14 май 2025
9

ОшМПУ таланттары окуу жайдын 100 жылдыгына карата отчёттук концерт койду

ОшМПУ таланттары окуу жайдын 100 жылдыгына карата отчёттук концерт койду
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин музыкалык-педагогикалык факультетинде жыл жыйынтыктоочу отчёттук концерт коюлду.
Иш-чарага университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган профессордук-окутуучулук жамаат жана студенттер күбө болушту. Саамалык окуу жайдын 100 жылдыгына карата музыкалык билим берүү жана аны окутуунун усулу кафедрасы тарабынан уюштурулуп, мында аталган кафедранын студенттери жана окутуучулары өздөрүнүн чыгармачылыгын тартуулашты.
Салтанаттын жүрүшүндө факультеттин окутуучуларынан жана студенттеринен түзүлгөн “Кербен” фольклордук тобу жогорку деңгээлдеги программа коюп, элдик ырлар, дастандар жана түрдүү обондор созулду. Кыргыз күүлөрү жана салттуу ырлар жаңырган бул концертти көрүүчүлөр чоң кызыгуу менен кабыл алышты. Мындан сырткары хор жамааты, вокалдык жана инструменталдык багыттагы аткаруучулар сахнада өз өнөрлөрүн көрсөтүп, иш-чарага өзгөчө көрк беришти.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro