16 май 2025
14
ОшМПУда Зырапа Абдывасиеванын 70 жылдыгына арналган илимий конференция өттү
ОшМПУда Зырапа Абдывасиеванын 70 жылдыгына арналган илимий конференция өттү
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Зырапа Абдывасиеванын 70 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду.
Саамалык “Билим берүү жана тарбиялоодогу заманбап технологиялар жана инновациялык процесстер” аталышында болуп, ал окуу жайдын 100 жылдык мааракесине карата өткөрүлдү.
Ага окуу жайдын профессордук-окутуучулук жамааты, атайын чакырылган коноктор жана студенттер күбө болушту.
Мында алгач университеттин ректору Бекмурза Зулуев, И.Арабаев атындагы КМПУнун профессорлору Хабибулла Анаркулов, Шаршеналы Алиев, ЖАМУнун профессору Сайипжамал Сакиева сыяктуу ардактуу өкүлдөр, ЖОЖдордун окутуучулары жана коңшу Казакстан, Өзбекстан республикаларынан келген коноктор куттуктоо сөздөрүн жолдошту. Ошондой эле Зырапа Абдывасиеванын группалаштары, кесиптештери жана жакындары жылуу пикирлерин айтып, андан соң каармандын эмгегин чагылдырган даректүү тасма көрсөтүлдү.
Ал эми пленардык жыйында билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча баяндамалар окулуп, мында Шаршеналы Алиев 12 жылдык мектепке өтүүдө математикалык билим берүүнүн келечеги , Кытайбек Утуров Заманбап технологиянын трансформациясы, учурдагы абалы жана келечеги, Набижан Темиров шыктуу студенттердин өзгөчө жөндөмдөрүн өнүктүрүү технологиясы жана Калдыкүл Абдуллаева Машхур Жусуптун азыркы филология илиминдеги тил инсанынын проблемасы жана инсан таанымынын тилдик картинасы боюнча илимий көз караштарын сунушташты. Андан соң саамалык секциялык иштер менен уланып, жыйынтыгында конференциянын резолюциясы кабыл алынды.
Белгилей кетсек аталган конференция Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ №369 Жарлыгы менен бекитилген “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун алкагында уюштурулуп, илимдин бардык тармактарында инновациялык технологияларды колдонуу, илимий ойдун деңгээлин жогорулатуу жана билим берүү мекемелеринин иштөө усулдарын заманбап талаптарга ылайык кайра карап чыгуу максатын көздөйт.




