Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » 100 жылдыктын каарманы Сагынбаев Баяман Калыгулович
13 июнь 2025
52

100 жылдыктын каарманы Сагынбаев Баяман Калыгулович

100 жылдыктын каарманы Сагынбаев Баяман Калыгулович
Улуулардын өнөрүн улап, ышкыбоз талантын таанытып, өз кесибин жан дүйнөсү менен берилип сүйгөн дасыккан окутуучу, белгилүү баянчы, комузчу, обончу, жана СССРдин Крупская атындагы сыйлыгынын ээси Баяман Сагынбаев 100 жылдыктын кезектеги каарманы болмокчу. 50 жылга чукул биздин окуу жайда эмгектенип, быйыл ардактуу эс алууга чыкты. Бул чыгарылышта баянчы агай тууралуу баяндап берели.
Сагынбаев Баяман Калыгулович 1947-жылы 20-мартта Талас облусунун азыркы Бакай-Ата районунун Маданият айылында чарба кызматкерлеринин үй бүлөсүндө төрөлгөн. Айылдык мектепте 7-класска чейин окуп, кийин райондун борборунда 10-классты бүтүрүп, дароо эле Токмок шаарындагы Республикалык маданий агартуу окуу жайына тапшырып, аны 1964-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ушул эле жылы Москвадагы Маданият институтунун хор, дирижерлук адистигине тапшырып, 1971-жылы артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
Алгачкы эмгек жолун Токмок шаарынан баштап, Республикалык Маданий агартуу окуу жайында 3 жыл иштеген соң, атайын министрликтин чечими менен Ош мамлекеттик педагогикалык институтуна жөнөтүлөт. Бул жерде Музыкалык факультетинин хорду дирижёрлөө кафедрасында окутуучу болуп эмгектенип, жаңыдан студент болгон жаш улан-кыздарга таалимин берип, алардын музыкалык билиминин пайдубалын бекем түптөлүшүнө алгачкы себепкер инсан болуп калган.
1976-жылы Ош педагогикалык окуу жайына директор Анаш Мырсабековдун чакыруусу менен келип, эмгек жолун ушул окуу жайдан уланткан. 1 жылдан соң Музыка бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалып, бөлүмдөгү бардык иштерди кылдаттык менен карап, окутуучулардын ишмердүүлүгүнө, студенттердин билимине, аракетине өзгөчө көңүл буруп, талапты катуу койгон, өтө жоопкерчиликтүү агай катары таанылган.
Бөлүм башчылыгында эмгектенип жүрүп, 1986-91-жылдары Мухтар Ашрафи атындагы Ташкент мамлекеттик консерваториясында хор дирижерлугу адистигинде окуп, дагы-да билимин тереңдеткен. Жыйынтыгында Баяман Калыгулович Кыргызстандагы эң таанымал хормейстердин сап башына чыккан.
Хордо угуучулар үчүн жөн гана пианино ойнолуп, сахнада тизилген таланттардын бирдей ырдап жатканын гана көрүшсө, ал эми хормейстер колун жаңсап ар бир адамдын добушун угуп, бир канча үндү бир убакта башкарып, эң сонун чыгармалардын аткарылышынын автору болот. Бул жагынан Баяман агай эч кимди алдыга камчы салдырбайт.
Билимине таланты ширелишип, өзүнө чыгармачылыктын абдан кенен, абдан терең дүйнөсүн батырып жүрөт. Мүнөзү бир сырдуу, өнөрү көп кырдуу болгон агайыбыз комузда да кол ойнотуп, күүлөрдү чертет, обондорду жазат, аранжировканы мыкты өздөштүрөт жана баянды да катыра ойнойт.
Баяман агай көп жылдык үзүрлүү эмгегинде, эң мыкты шакирттерди тарбиялап чыгууга жетишти. Мыкты устататтын улуу өнөрүнүн ууртунан ичкен ар бир окуучу-студенттери чыгармачылык ийгиликтин бийик-бийик тепкичтерине чыгып, мындай жетишкендиктин эң башкы себепкери, көпүрөсү дал ушул Баяман агайыбыз деп сыймыктанышат.
Каарманыбыз табиятынан жөнөкөй, боорукер, жумшак, кичи пейил адам. Сыртынан сырын алдырбаган, сабырдуулугу менен бардык кыйынчылыкты жеңе билген, туруктуулугу менен ооматты, элдин алкоосун көтөрө алган үлгүлүү инсан. Ошондуктан устатыбыздын окуу жайдагы орду, коллективдеги кадыр-баркы бийикте турат.
Музыка дүйнөсүндө Баяман агай патриоттук жанрга абдан басым жасап, жүрөгүндө Ата-Журтка, туулган жерге болгон сүйүүсү күч экенин ишмердүүлүгүндө ар дайым далилдеп келди. Эч качан сыйлыкка, мансапка умтулбай, ак жүрөгү менен жөн гана татыктуу кызмат өтөөгө тырышкандыгын бирге иштеген кесиптештери баса белгилеп айтып келишет.
Баяман Сагынбаев СССРдин Билим жана илим Мамлекеттик Комитетинин Н.К.Крупская атындагы сыйлыгынын ээси жана СССРдин жогорку кеңешинин президиумунун атынан Эмгек ардагери медалынына ээ болгон. Бүткүл союздук хор фестивалында, республикалык комуз, хор боюнча уюштурулган кароо-сынактарда далай ирет 1-орундарды камсыздап, алтын медаль менен сыйланган жана бир канча Ош шаардык администрациясынын, мэриясынын, маданият бөлүмүнүн Ардак грамоталарына татыган. Бул менен бирге ОГПИнин Билим берүүсүнө Эмгек сиңирген наамы жана төш белгиси ыйгарылган.
Баяман Калыгулович Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 23 жыл Музыкалык бөлүмдү башкарып, 5 жыл кафедраны жетектеп, кийин Музыкалык билим берүү жана аны окутуунун усулу кафедрасынын доценти катары талыкпай, жигердүү кызмат өтөп келди. Каарманыбыз үй бүлөдө 1 кыз жана 5 уулдун сүйүктүү атасы, 7 неберенин мээримдүү чон атасы. Бирок, агай 2 уулунан ажырап, чыгармачылык жактан дагы-да ачыла албай, көп эмгектерди жарата албай калганын өкүнүч менен айтканы бар. Ошентсе да, үй бүлөдө өтө камкор ата, жумушунда үлгүлүү устат экени баарыбызга айкын.
Бул инсандын жан дүйнө кайрыктары нотада, музыкада, аспаптарда жашап жүрөт. Жашоосунда канчалык кыйын кезең, кубанычтуу күндөр болбосун, баарын токтоо, сабырдуу, кайраттуу мүнөзү менен кабылдап, айланасындагыларга бир гана жакшы сөзүн, билимин, талантын гана тартуулап келди. Агай тууралуу айтылбай калган сөздөр дагы көп. Бирок, биз устатыбыздын жүрүм-турумунан, бизге арнаган таалимининен, адамдык асыл сапаттарынан үлгү алып, чексиз сый-урматыбызды арнайбыз. Калк арасында баркыңыз бийик болуп, чыгармачылык ийгиликтериңиз артып, катарыбызда кадырлуу агайыбыз болуп жүрө беришиңизди каалайбыз!
Даярдаган: Кулпунай Мамасалиева   
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro