Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » Музыкалык-педагогикалык факультетинин 2005-жылкы бүтүрүүчүлөрү кайрадан окуу жайда
26 июнь 2025
3

Музыкалык-педагогикалык факультетинин 2005-жылкы бүтүрүүчүлөрү кайрадан окуу жайда

Музыкалык-педагогикалык факультетинин 2005-жылкы бүтүрүүчүлөрү кайрадан окуу жайда
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин музыкалык-педагогикалык факультетин 2005-жылы аяктаган бүтүүрүчүлөр быйыл 20 жылдык мааракесин белгилеп, окуу жайга келишти.
Бүтүрүүчүлөр 2000-жылы окуу жай Ош жогорку колледжи болуп турган кезинде музыкалык билим берүү адистигине окууга тапшырышып, 2005-жылы Ош гуманитардык-педагогикалык институту статусуна ээ болгондон кийин окууну аякташкан.
Мында ректор Бекмурза Зулуев жана окутуучулар конокторду кабыл алышып, чакан жыйын үстүндө баарлашышты. М-00 тайпасынын бүтүрүүчүлөрү ошол мезгилдеги улуу мугалимдердин эмгегин урматтоо менен университетке болгон терең ыраазычылыктарын билдиришти. Алар студенттик кезде ректор Бекмурза Зулуевден сабак алышканын сыймык менен эскерип, университет жетекчилигине өз алкыштарын жолдошту. Ошондой эле окуу жайдын өнүгүшүнө өз салымдарын кошууга даяр экендигин билдиришип, кичи демөөрчүлүк боюнча демилге көтөрүшкөнүн айтышты.
Жолугушуу учурунда Мурзабаева Б.Б., Бакиева Г.А., Сагынбаев Б.К., Кошбаев А.Б., Касымбеков Б.К., Жаанбаева К.Б., Караева Р.К., Торошев Т. сыяктуу улук окутуучулардын студенттик күндөрдө берген билими, тарбиясы тууралуу көптөгөн жагымдуу пикирлер айтылды. Бүтүрүүчүлөр музыкалык-педагогикалык факультетинин учурдагы деканы Кундуз Миңбаева менен да кезигип, факультеттеги өзгөрүүлөр, жетишкендиктер тууралуу маалымат алышып, ыраазычылыктарын билдиришти.
Саамалыктын алкагында, бүтүрүүчүлөр мурдагы куратору Н.М. Мухортованын ден соолугуна байланыштуу жолугушууга катыша албагандыгын эскерип, ага үйүнө барып акчалай белек тапшырып, баарлашып кайтканын да бөлүшүштү.
Соңунда коноктор университеттин учурдагы материалдык-техникалык базасы менен таанышып, окуу жайдын 100 жылдык мааракесине карата куттуктоолорун жолдошту.   
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro