Ош мамлекеттик педагогикалык университети
» » » ОшМПУнун КОЛЛЕДЖИНИН МЫРЗАСЫ ТАНДАЛДЫ
2 март 2022
77

ОшМПУнун КОЛЛЕДЖИНИН МЫРЗАСЫ ТАНДАЛДЫ

ОшМПУнун КОЛЛЕДЖИНИН МЫРЗАСЫ ТАНДАЛДЫ

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде тайпалар арасында өткөн «Колледж мырзасы-2022» кароо сынагында Дт-21 тайпасынын студенти Урал Асан уулу Колледждин 2022-жылдагы мырзасы деп табылды.

Иш чара 23-февраль Ата мекенди коргоочулар күнүнүн алкагында мырзалардын чыгармачылыктарын өнүктүрүү, маданий деңгээлин жогорулатуу максатында колледждин жаштар комитети тарабынан уюштурулду.

Сынакта конкурсанттар “Саламдашуу”, “Интеллектуал мырза”, “Күч сынашуу”, “Таланттуу мырза деп аталган” 4 тапшырманын негизинде өз чыгармачылыктарын тартуулашты. Ар бир мырзанын таланты жана жөндөмү сахнада көрүүчүлөрдүн колдоосуна ээ болду. Өздөрү жаш бирок, шыгы арткан жигиттер көнүлдүү маанай жаратышты.

Мында жалпы 4 студент катышып, жыйынтыгында 3-орунду Дт-20 тайпасынын студенти Байэл Турдукулов, 2-орунду Токтосунов Байэл ээлесе, 1-орунду Дт-21 тайпасынын студенти урал Асан уулу багындырды.

Бул менен бирге конкурсанттарга инстаграм желесинде да добуш берүү жүргүзүлүп, Байэл Токтосунов “Инстаграм жылдызы” номинациясына ээ болду. Жеңүүчүлөргө уюштуруу тобу тарабынан диплом жана баалуу белектер тапшырылды.

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош облусу, Ош шаары

Исанов көчөсү 73

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro