Ош мамлекеттик педагогикалык университети
» » » ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДООГО БАГЫТТАЛГАН СААМАЛЫК
9 апрель 2022
72

ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДООГО БАГЫТТАЛГАН СААМАЛЫК

ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДООГО БАГЫТТАЛГАН СААМАЛЫК
Эл аралык дене тарбия жана спорт күнү менен Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Колледжинде да белгиленди.
Мында ден соолукту чыңдоого багытталган спорттук оюндар боюнча мелдеш уюштурулуп, студенттер өз күчтөрүн сынашты.
Колледждин Дене тарбия жана табигый илимдер кафедрасы бул даталуу күндөрдү бир топ жылдан бери белгилеп келишет.
Бул ирет спорттун 4 түрү боюнча мелдеш уюштурушкан. Иш чарага арналып таяк тартыш, аркан тартыш, гир көтөрүү, кол күрөш оюндары боюнча кызуу таймаш жүрдү.
Оюнга ар бир тайпадан студенттер катышып, кыздар-балдар өз алдынча мелдеш курушту.
Мелдештин жүрүшүн дене тарбиянын окутуучулары көзөмөлгө алып, жыйынтыгында ар бир оюндун жеңүүчүлөрү аныкталып, аларга диплом жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.
Аталган саамалык спортко эркин аралашуу менен ден соолукту чыңдоого багытталат жана сергек жашоого үндөйт.
Белгилей кетсек 6-апрель Эл аралык дене тарбия жана спорт күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 2013-жылы негиздеген. Бул датага карата дүйнө жүзүндө спорттук иш чаралар уюштурулуп, мелдештерге миллиондогон адамдар катышып, күчтөрүн сынашат.
Ал эми 7-апрель Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү 1950-жылдан бери жыл сайын дүйнө коомчулугу тарабынан кеңири белгиленип келет. Ал бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун демилгеси менен түзүлүп, бул күндү белгилөөгө байланыштуу саламаттыкты сактоо тармагындагы актуалдуу маселелерге эл арадык коомчулуктун көңүлүн буруу максатында жыл сайын белгилүү бир тема менен белгиленип келет.
 
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош облусу, Ош шаары

Исанов көчөсү 73

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro