6 декабрь 2022
446
КОЛЛЕДЖДЕ ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК АКЫЛ ТАЙМАШ БОЛУП ӨТТҮ
КОЛЛЕДЖДЕ ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК АКЫЛ ТАЙМАШ БОЛУП ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде 1-курстун тайпалары ортосунда интеллектуалдык акыл таймаш болуп өттү.
Иш чара студенттердин билимин жогорулатуу жана китеп окууга чакыруу максатында колледждин жаштар комитети тарабынан уюштурулду.
Акыл таймаш “Логикалык суроолор”, “Факт суроолор”, “Сырдуу сандык” категорияларынан туруп, финалдык таймашка 10 команда катышты. Жыйынтыгында 3-орунду Ан-22-2 тайпасы, 2- орунду Бк-22-1 тайпасы, ал эми 1-орунду Бк-22-3 тайпасы, ал эми камсыздап, жеңүүчүлөр диплом жана китептер менен сыйланышты.