ОшМПУда “МАНАС” ЭПОСУНУН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда “МАНАС” ЭПОСУНУН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
5 декабрь 2022
338

ОшМПУда “МАНАС” ЭПОСУНУН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ОшМПУда “МАНАС” ЭПОСУНУН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде 4-декабрь “Манас” эпосунун күнү белгиленип, семинар өткөрүлдү.
Иш-чара окуу жайдын Манас таануу предметинин окутуучусу Уланбек Нажимидинов тарабынан уюштурулуп, ага окуу жайдын студенттери, окутуучулары жана сырттан келген коноктор катышты.
Саамалыктын жүрүшүндө китеп көргөзмөсү коюлуп, бул күндүн тарыхы жана жаш манасчы Үмүт Дөөлөтбеков тууралуу видеоролик тартууланды. Аны улай студенттер манас айтышып, ОшМУнун профессору Гулина Жамгырчиева эпос тууралуу семинар өтүп, актуалдуу маалыматтар менен бөлүштү.
“Учурда “Манас” эпосун 4 баскычтуу окутуу тууралуу чоң улуттук программа даярдалып жатат. Эпосту бала-бакчада, мектептерде, орто кесиптик жана жогорку окуу жайларда окутуп, улуттук дөөлөтүбүздү баалашыбыз керек”-,дейт филология илиминин доктору Гулина Жамгырчиева.
Иш-чара Манас эпосун сактоо, аны жаштар арасында жайылтуу жана улуттук руханий байлыкты асыроо, даңазалоо максатын көздөйт.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro