ОшМПУда КОЛЛЕДЖ ПЕРИСИ-2023 СЫНАГЫ ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда КОЛЛЕДЖ ПЕРИСИ-2023 СЫНАГЫ ӨТТҮ
17 март 2023
262

ОшМПУда КОЛЛЕДЖ ПЕРИСИ-2023 СЫНАГЫ ӨТТҮ

ОшМПУда КОЛЛЕДЖ ПЕРИСИ-2023 СЫНАГЫ ӨТТҮ
 Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде «Колледж периси-2023» кароо-сынагы болуп өттү.
Иш чара колледждин жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, сынакка Колледждин ар бир адистигинен тандалып алынган 9 кыз катышты. Алар жобого ылайык саламдашуу, интеллектуал айым, таланттуу айым, ийкемдүү пери аттуу 4 этаптын негизинде өз таланттарын көрсөтүштү.
Кыздар өздөрүнүн чыгармачылыгына карап, ар бир номерге өзгөчө даярдыкта катышышты. Бир эле убакта кыздардын, таланты, билими, сулуулугу бааланып, жыйынтыгында 3-орунду Гүлмайрам Абазбек кызы ээлеп, «Ийкемдүү пери» номинациясы менен сыйланды. 2-орунду Нурайым Камчыева камсыздап, «Таланттуу пери» номинациясына ээ болду. Ал эми Адинай Абдрахман кызы «Колледж периси-2023» кароо-сынагынын жеңүүчүсү деп табылып, ага Ташкентке жолдомо берилди.
Бул менен бирге байгелүү орундарга ээ болгон перилерге Кыргызстанга саякат жасоого жолдомолор берилип, баардык катышуучуларга уюштуруу тобу жана ОшМПУнун Жаштар комитети тарабынан акчалай сыйлыктар, баалуу белектер тапшырылды.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro