ОшМПУда КОЛЛЕДЖДЕР АРАЛЫК СПОРТТУК МЕЛДЕШ УЮШТУРУЛДУ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда КОЛЛЕДЖДЕР АРАЛЫК СПОРТТУК МЕЛДЕШ УЮШТУРУЛДУ
26 апрель 2023
234

ОшМПУда КОЛЛЕДЖДЕР АРАЛЫК СПОРТТУК МЕЛДЕШ УЮШТУРУЛДУ

ОшМПУда КОЛЛЕДЖДЕР АРАЛЫК СПОРТТУК МЕЛДЕШ УЮШТУРУЛДУ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Ош шаардык колледждер аралык "Мурас" өтмө кубогу үчүн спорттук мелдеш өткөрүлдү.
Иш чара студенттердин спортко болгон жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу, Колледждер аралык ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулуп, ага 10 орто билим берүү мекемесинен келген студенттер катышты. Мелдеш окуу жайдын спорттук аянтчасында өткөрүлүп, мында ар бир окуу жайдан түзүлгөн командалар жободо белгиленгендей волейбол (кыздар, балдар), аркан тартыш (кыздар, балдар), стол теннис оюндары боюнча күч сынашышты.
Мелдештин жыйынтыгы спорттун ар бир түрү жана командалык эсеп менен чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды. Байгелүү орунду ээлеген командаларга диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылып, ал эми 1-орунду алган команда кубок менен сыйланды. Белгилей кетсек, аталган иш чара окуу жайдын 98 жылдыгына карата университеттин Колледж бөлүмү тарабынан уюштурулган.
Мелдештин жыйынтыгы:
Волейбол (балдар)
1-орун ОшМУнун “Колледждер” курама командасы
2-орун ОшМУнун медициналык колледжи
3-орун ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжи
Волейбол (кыздар)
1-орун ОшМУнун “Колледждер” курама командасы
2-орун ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжи
3-орун ОшМУнун медициналык колледжи
Аркан тартыш (кыздар)
1-орун ОшМПУнун колледжи
2-орун ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжи
3-орун ОшМУнун медициналык колледжи
Аркан тартыш (балдар)
1-орун ОшМУнун медициналык колледжи
2-орун ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжи
3-орун ОшМПУнун колледжи
Стол теннис боюнча
1-орун ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжи
2-орун ОшМУнун медициналык колледжи
3-орун ОшМУнун медициналык колледжи
Салтка айланган "Мурас" өтмө кубогу бул жолу жалпы командалык эсепте алдыңкы орунду ээлегендиги үчүн ОшМУнун медициналык колледжине өткөрүлүп берилди.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro