АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН БАЙЛАНЫШ БЕКЕМДЕЛҮҮДӨ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН БАЙЛАНЫШ БЕКЕМДЕЛҮҮДӨ
28 апрель 2023
210

АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН БАЙЛАНЫШ БЕКЕМДЕЛҮҮДӨ

АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН БАЙЛАНЫШ БЕКЕМДЕЛҮҮДӨ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетиннин колледжинде студенттердин ата-энелери менен жолугушуу болду.
Бул ирет Колледждин башталгыч класстарда окутуу, мектепке чейинки билим берүү жана англис тили адистиктеринин студенттеринин ата-энелери менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу аталган адистиктер боюнча иш алып барган кафедралар тарабынан уюштурулуп, ага колледждин башчысы Т.К. Кырбашев жана куратор окутуучулар катышты.
Жыйында алгач колледж тууралуу жалпы маалымат берилип, адистиктер, билим берүү системасынын өзгөчөлүктөрү, колледждин жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү, сурамжылоо жүргүзүү маселелери, студенттердин тазалыгы, тартиби, жөнүндө айтылды.
Жолугушууга келген ата-энелер куратор окутуучулар менен тыгыз байланышта иш алып бара тургандыктарын баса белгилеп, өз сунуш-пикирлерин айтып кетишти.
Соңунда ата-энелер ОшМПУнун колледжинин жамаатына, окутуучуларга өз ыраазычылыктарын билдиришти.
Ошондой эле иш чаранын соңунда уюштуруу тобу тарабынан мыкты окуган үлгүлүү студенттердин ата-энелерине алкыш баракчалар берилип, таланттуу жаштардын маданий, чыгармачылыгы тартууланды.
Белгилей кетсек аталган иш-чара студенттердин билим алуусу үчүн шарт түзүп берип жаткан ата-энелер менен тыгыз иш алып баруу, алардын сунуш-пикирлерин угуу, студенттердин татыктуу адис болуп чыгуусуна өбөлгө түзүү максатында жылда уюштурулуп келет.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro