КОЛЛЕДЖДЕ СТУДЕНТТЕРДИН САРМЕРДЕН ОЮНУ ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » КОЛЛЕДЖДЕ СТУДЕНТТЕРДИН САРМЕРДЕН ОЮНУ ӨТТҮ
28 апрель 2023
344

КОЛЛЕДЖДЕ СТУДЕНТТЕРДИН САРМЕРДЕН ОЮНУ ӨТТҮ

КОЛЛЕДЖДЕ СТУДЕНТТЕРДИН САРМЕРДЕН ОЮНУ ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогигалык университетинин Колледж бөлүмүндө “Адеп башаты-элдик мурастар” аталышында сармерден болуп өттү.
Иш чара мектепке чейинки педагогика жана жекече усулдар кафедрасы тарабынан уюштурулуп, мында Бк-22-1 тайпасынын кыздары жана Дт-22 тайпасынын балдары таймаш курушуп, өз таланттарын тартуулашты.
Сармердендин салтына ылайык саламдашуу, элдик обондуу ырлар, бийлер, акыйнек айтышуулар, жаңылмач жана макал айтышуу менен эки тарап өздөрүнүн дараметин, деңгээлин далилдешти. Студенттердин чыгармачылыгы көрүүчүлөрдүн сынына түшүп, калыстар тобу тарабынан бааланды. Эки тайпанын өзгөчө даярдыгы жана мыкты таланттардын аткаруусу сармерденди өз максатына жеткире алды.
Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен атааңдаш тараптар тең чыгып, достук жеңиши менен аяктады. Бул менен бирге уюштуруу тобу тарабынан диплом жана сыйлыктар тапшырылды.
Белгилей кетсек, аталган кафедрада 24-апреден 29-апрелге чейин жумалык жарыяланып, анын алкагында ачык сабактар, адеп сабагынан таймаштар, иш берүүчүлөр, тарбиячылар жана бүтүрүүчүлөр менен жолугушуулар өткөрүлгөн.   
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro