ОшМПУнун Колледжинде ата-энелер жана иш берүүчүлөр менен жолугушуу болуп өттү » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУнун Колледжинде ата-энелер жана иш берүүчүлөр менен жолугушуу болуп өттү
2 май 2023
186

ОшМПУнун Колледжинде ата-энелер жана иш берүүчүлөр менен жолугушуу болуп өттү

ОшМПУнун Колледжинде ата-энелер жана иш берүүчүлөр менен жолугушуу болуп өттү
Бугүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Колледжинин дене тарбия адистигинде окуган студенттердин ата-энелери, бүтүрүүчөлөр жана иш берүүчүлөр менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууда адистиктин окуу планы, НББПлары иш берүүчүлөр менен биргеликте талкууланып, окутуунун сапатын жакшыртууга багытталган сунуш пикирлер айтылды.
Мындан сырткары окуу жайда жүргүзүлүп жаткан иштер, студенттер жана окутуучулар жөнүндө маалыматтар берилди.
Жолугушуунун соңунда ар кандай коомдук иштерде активдүү катышкан, окууда мыкты ийгиликтерге жетишкен студенттердин ата-энелерине окуу жай тарабынан ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Иш чара Дене тарбия жана табигый илимдер кафедрасы тарабынан уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro