КОЛЛЕДЖДИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНӨ АК ЖОЛ КААЛАЙБЫЗ! » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » КОЛЛЕДЖДИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНӨ АК ЖОЛ КААЛАЙБЫЗ!
1 июнь 2023
274

КОЛЛЕДЖДИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНӨ АК ЖОЛ КААЛАЙБЫЗ!

КОЛЛЕДЖДИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНӨ АК ЖОЛ КААЛАЙБЫЗ!
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинин студеттеринин “БҮТҮРҮҮ КЕЧЕСИ” уюштурулду.
Кечеге университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков жана колледждин жетекчиси, окутуучулары жана студенттер ата-энелери менен катышты.
Иш чарада жетекчилер тарабынан болочок кесип ээлерине куттуктоо сөздөрү сүйлөнүп, окуу жайдын намысын бийик көтөргөн мыкты кадр жана агартуу тармагынын атактуу адистери болуусуна тилектеш экенин билдиришти.
Аны улай окууда жана коомдук, маданий, спорттук иш чараларда ийгилик жаратып, окуу жайга сыймык алып келген студенттерге Ардак грамота, ал эми ата-энелерине ыраазычылык баракчалар тапшырылды. Ошондой эле бүтүрүүчүлөр чакан концерттик программасын тартуулашып, окутуучуларга өз ыраазычылыктарын билдиришти.
Белгилей кетсек, 2022-2023-окуу жылында окуу жайды орто кесиптик билим берүү боюнча 722 студент бүтүрүп жатат.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro