22 сентябрь 2023
245
КОЛЛЕДЖДЕ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
КОЛЛЕДЖДЕ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде “Элдин улуу тарыхынан башталып, эне тилим куттуу сөздөн куралган” аталышында 10 күндүк декада жүрүп жатат.
Анын алкагында бүгүн адабий-музыкалык кече уюштурулуп, саамалык 80 студенттин манас айтуусу менен башталды. Андан соң студенттер тарабынан кыргыз тилдин тарыхы чагылдырылган сахналык көрүнүштөр аткарылып, ыр-бийлер менен коштолду. Бул менен студенттердин эне тилге болгон аяр мамилеси, сүйүүсү айкын көрүнүп, тилге болгон сый-урматы артууда.