КОЛЛЕДЖДЕ МУГАЛИМДЕР КҮНҮНӨ КАРАТА ДЕКАДА СТАРТ АЛДЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » КОЛЛЕДЖДЕ МУГАЛИМДЕР КҮНҮНӨ КАРАТА ДЕКАДА СТАРТ АЛДЫ
1 октябрь 2023
98

КОЛЛЕДЖДЕ МУГАЛИМДЕР КҮНҮНӨ КАРАТА ДЕКАДА СТАРТ АЛДЫ

КОЛЛЕДЖДЕ МУГАЛИМДЕР КҮНҮНӨ КАРАТА ДЕКАДА СТАРТ АЛДЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Колледж бөлүмүндө мугалимдердин кесиптик майрамына карата он күндүк башталды.
Ага ылайык бүгүн башталгыч класстын педагогикасы жана усулу кафедрасынын студенттери тарабынан даярдалган “Мугалим – бул чырак түндү жарыткан, өз милдетин аткарууга ашыккан” аталышында декаданын ачылуу аземи болуп өттү. Аталган иш чара эки бөлүктөн туруп, алгач катышуучулардын дубал гезиттеринин көргөзмөсү жайылып, калыстар тобу тарабынан бааланды.
Андан соң Колледждин жетекчилик жамааты менен бирге окутуучулар жана студенттер мугалимдик кесипти даңазалаган сахналык көрүнүш менен коштолгон концерттик программага күбө болушту. Таланттуу ары чыгармачыл жаштардан топтолгон катышуучулар жандуу чыгармаларды, бийлерди жана көркөм окууларды аткарышып, көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, кол чабуулар менен коштолду.
Аталган декада 12-октябрга чейин уланат. Уюштуруу тобу тарабынан түзүлгөн пландын негизинде алдыда, ачык-тарбиялык сааттар, тегерек стол, конкурстар жана интеллектуалдык оюндар уюштурулат.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro