ОКУТУУЧУЛАР КАРЫЛАР ҮЙҮНӨН КАБАР АЛДЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОКУТУУЧУЛАР КАРЫЛАР ҮЙҮНӨН КАБАР АЛДЫ
2 октябрь 2023
208

ОКУТУУЧУЛАР КАРЫЛАР ҮЙҮНӨН КАБАР АЛДЫ

ОКУТУУЧУЛАР КАРЫЛАР ҮЙҮНӨН КАБАР АЛДЫ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата "Карысы бардын-ырысы бар" аталышында кайрымдуулук акциясы уюштурулду.
Мында университеттин окутуучулары Ош шаарында жайгашкан карылар жашаган "Боорукердик" үй-интернатына майрамдык белектер, килемдер, жылуу кийимдер жана таттууларды алып, материалдык жардамдарды көрсөтүштү. Мындан сырткары майрамдык концерт тартууланып, студенттер ал жердеги карыялар менен жеке маек курушуп, ал-абалдары менен жакындан таанышып чыгышты.
Белгилей кетсек кайрымдуулук акцияга окуу жайдын Колледж бөлүмүнүн дүйнөлүк тилдер кафедрасынын жана чет тили адистигинин жалпы окутуучулар жамааты жана студенттери катышып, ыктыярдуу түрдө каражат чогултуп беришкен.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro