КОЛЛЕДЖДЕ КҮЗ ЖАРМАНКЕСИ ӨТКӨРҮЛДҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » КОЛЛЕДЖДЕ КҮЗ ЖАРМАНКЕСИ ӨТКӨРҮЛДҮ
10 октябрь 2023
140

КОЛЛЕДЖДЕ КҮЗ ЖАРМАНКЕСИ ӨТКӨРҮЛДҮ

КОЛЛЕДЖДЕ КҮЗ ЖАРМАНКЕСИ ӨТКӨРҮЛДҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Колледжинде "Күз керемети" аталышындагы күз жарманкеси болуп өттү.
Жыл сайын салтка айланып калган бул саамалык колледждин жаштар комитети менен биргеликте дене тарбия жана табигый илимдер кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага окутуучулар жамааты жана 1-курстун тайпалары мыкты деңгээлдеги даярдык менен катышышты.
Жарманкеде катышуучулар жобого ылайык күзгү элести чагылдырган жалбырактардан жасалган кооз көргөзмөлөрдү, мөмө-жемиштерден жасалган түрдүү даамдарды, икэбаналарды стол үстүнө жайышты. Ошондой эле “Күз периси” аттуу мода көргөзмөсүн тартуулашып, мындан сырткары видеоролик жана сүрөт тартуу конкурсу дагы өткөрүлдү. Бул менен бирге аталган иш чара колледждин талантуу студенттери жана жаштар комитети тарабынан концерттик программа менен коштолду.
Жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан ар бир тайпанын чыгармачылыгына карата упай берилип, байгелүү орундарга диплом жана баалуу белектер тапшырылды.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro