КОЛЛЕДЖДЕ ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » КОЛЛЕДЖДЕ ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
19 октябрь 2023
135

КОЛЛЕДЖДЕ ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

КОЛЛЕДЖДЕ ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде иш берүүчүлөр менен жолугушуу болуп өттү.
Аталган жолугушуу “Келечекке жаркын жол” аталышында болуп, аны дүйнөлүк тилдер кафедрасы жана башталгыч класстын педагогикасы жана усулу кафедрасы уюштурду. Иш чарага кафедранын окутуучулары, студенттери жана шаардагы 16 мектептин директорлору катышты.
Жолугушууну колледждин башчысы Токторбай Кырбашев ачып берип, жалпы бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалоо менен келечекте мыкты адис болууга тилектеш экендигин билдирди. Аны улай таланттуу студенттер чакан концерттик программа тартуулап, видеоролик көрсөтүлдү.
Иш чаранын жүрүшүндө практика жетекчиси Гүлайым Байышова, башталгыч класстын педагогикасы жана усулу кафедрасынын башчысы Жазгүл Касымалиева баяндама жасады. Жолугушуу бүтүрүүчүлөрүн ишке жайгаштыруу максатында уюштурулуп, мында адистикке тиешелүү окуу пландары, билим берүү программалары талкууланып, иш берүүчүлөр тарабынан сунуш-пикирлер айтылды. Соңунда студенттер тарабынан суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro