ОКУУ ЖАЙДА “МАНАС ЭПОСУНУН КҮНҮ” БЕЛГИЛЕНДИ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОКУУ ЖАЙДА “МАНАС ЭПОСУНУН КҮНҮ” БЕЛГИЛЕНДИ
3 декабрь 2023
180

ОКУУ ЖАЙДА “МАНАС ЭПОСУНУН КҮНҮ” БЕЛГИЛЕНДИ

ОКУУ ЖАЙДА “МАНАС ЭПОСУНУН КҮНҮ” БЕЛГИЛЕНДИ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 4-декабрь “Манас эпосунун күнү” белгиленип, интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү.
Иш чара “Манасым – менин мурасым” аталышында болуп, ага колледждин 2-курстарынан тандалып алынган 4 команда жана окутуучулар, студенттер катышты.
Таймаш 6 бөлүктөн туруп, мында алгач катышуучулар саламдаша ураан чакырып, өз командаларынын аттарын коргоп беришти. Аны улай оюнчулар үчилтик, манас айтуу, сыр куржун, эпостогу макалдар жана көөнөргөн сөздөрдүн чечмеленишин айтып кызуу таймаш курду. Ошондой эле калыстар тобу тарабынан топ башчыга 9 суроо берилип, эң мыкты дубал газета тандалып алынды.
Белгилей кетсек, иш чара Манас эпосун сактоо, аны жаштар арасында жайылтуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жана Манас, Семетей, Сейтек үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу жарлыгын ишке ашыруу максатында колледж бөлүмү тарабынан уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro