АЙТМАТОВДУН КААРМАНДАР ГАЛЕРЕЯСЫ САХНАДА » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » АЙТМАТОВДУН КААРМАНДАР ГАЛЕРЕЯСЫ САХНАДА
17 декабрь 2023
86

АЙТМАТОВДУН КААРМАНДАР ГАЛЕРЕЯСЫ САХНАДА

АЙТМАТОВДУН КААРМАНДАР ГАЛЕРЕЯСЫ САХНАДА
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Каармандар жашайт кылымга, Чыңгыздай жылдыз турганда” аттуу каармандардын галереясы болуп өттү.
Иш чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көркөм дүйнөсүн окурмандарга таанытуу, анын чыгармаларынын бүгүнкү күндөгү актуалдуулугун жеткирүү жана окутуучулардын педагогикалык чеберчилигин өнүктүрүү максатында уюштурулуп, ага колледждин студенттери катышты.
Саамалыктын жүрүшү студенттердин чыгармачылык менен колго жасалган көргөзмөлөрү стол үстүнө жайылды. Аны улай таланттуу студенттер тарабынан “Кызыл алма”, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт”, “Гүлсарат”, “Кассандра тамгасы”, “Жамийла”, “Тоолор кулаганда”, “Биринчи мугалим” сыяктуу жазуучунун 15 чыгармасынан үзүндүлөр аткарылды. Аталган сахналык көрүнүштөр колледждин 15 тайпасынын таланттуу студенттери менен бирге кафедранын окутуучулары тарабынан даярдалган.
Белгилей кетсек, иш чара Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы үч айлыкты жыйынтыктоо максатында колледждин мамлекеттик тил кафердасы тарабынан уюштурулган.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro