20 февраль 2024
182
СТУДЕНТТЕР КЛИМАТТЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨР БОЮНЧА МААЛЫМАТЫН КЕҢЕЙТҮҮДӨ
СТУДЕНТТЕР КЛИМАТТЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨР БОЮНЧА МААЛЫМАТЫН КЕҢЕЙТҮҮДӨ
Ош мамлекеттик педагогикалык унивверситетинде табигый-илимий билим берүү багытында “Жерлердин такырлануусу жана климаттык өзгөрүүлөр” аталышында конок-лекция уюштурулду.
Иш чаранын коногу Базар-Коргон районунун Ж. Бөкөнбаев атындагы жатак мектебинин география мугалими, эл агартуунун отличниги Темирбек Оморов болуп, ал табият таануу жана география факультетинин окутуучуларына жана студенттерине лекция окуду.
Мында лектор өлкөбүздөгү жерлердин бузулуусу, жер ресурстары, жайыттардын такырлануусунун себептери жана анын алдын алуу жөнүндө кенен түшүнүк берди. Ошондой эле климаттык өзгөрүүнүн белгилери жана анын өзгөрүшүнүн кесепеттери, климаттын өзгөрүүсүнөн улам жаралган коркунучтар, маселени чечүү жолдору туурасында маалымат берип, кызыктуу талкууларды жүргүздү.