Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » КОЛЛЕДЖДЕ АЧЫК ТАРБИЯЛЫК СААТТАР ӨТҮЛҮҮДӨ
29 март 2024
179

КОЛЛЕДЖДЕ АЧЫК ТАРБИЯЛЫК СААТТАР ӨТҮЛҮҮДӨ

КОЛЛЕДЖДЕ АЧЫК ТАРБИЯЛЫК СААТТАР ӨТҮЛҮҮДӨ
Ош мамлекеттик педагогикалык университинин колледжинде жумалык жарыяланып, анын алкагында ачык тарбиялык сааттар өткөрүлдү.
Катарда Мч-22-1 тайпасы тарабынан 27-Март Эл аралык театр күнүнө карата “Адамзаттын асыл жандоочусу искусство “ аталышында ачык тарбиялык саат болуп өттү. Программада студенттер чыныгы театрдын жашоосун чагылдырган музыкалык жомокторду, куурчак театрынан үзүндүлөрдү көрсөтүп, каармандардын кейпин кийип өзбек эл жомокторун да аткарышты.
Ошондой эле Мч-21-3 тайпасы “Улуттун уңгусу анын каада-салтында” аталышында ачык тарбиялык саат өтүп, концерттик программа тартуулады. Мында катышуучулар макал-лакап, акыйнек, улутук каада-салттардан үзүндүлөрдү, ыр-бийлерди аткарышты. Бул менен бирге студенттер унутта калып бара жаткан каада-салттардын уңгусун көрсөтүп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай жаратышты.
Белгилей кетсек, аталган ачык тарбиялык сааттар мектепке чейинки педагогика жана жекече усулдар кафедрасы тарабынан уюштурулган.   
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro