24 апрель 2024
124
ОшМПУнун КОЛЛЕДЖИНИН МУРДАГЫ ИМАРАТЫ БАЛА БАКЧАГА ЫЛАЙЫКТАШЫП КАЙРАДАН ЖАСАЛУУДА
ОшМПУнун КОЛЛЕДЖИНИН МУРДАГЫ ИМАРАТЫ БАЛА БАКЧАГА ЫЛАЙЫКТАШЫП КАЙРАДАН ЖАСАЛУУДА
Имараттын оңдоп-түзөө иштерине Ош шаардык кеңешинин депутаты Болот Баетов жана ОшМПУнун ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилер жакындан күбө болушту.
"Бул имаратта соңку эки айдан бери курулуш иштери жүрүп жатат. Бала бакча 400 балага ылайыкташат, бирок, жалпы аянты, ички кааналары кенен болгондуктан калаа тургундарынын муктаждыгына карап 700 балага чейин кабыл алууга болот. Оңдоп-түзөө иштери күз мезгилине жакын аяктаса, сентябрдан ишке берүүнү пландап жатабыз. Бул бакчанын бир өзгөчөлүгү ОшМПУнун жеке бала бакчасы болсо, экинчиси окутуу, тарбиялоо иштери кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Себеби, учурда эне тилге көңүл буруу маселеси мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүп жатат. Ал эми бала бакчага кабыл алуу июль айларынан башталат",- деп билдирди ОшМПУнун ректору Бекмурза Бекболотович.