СТУДЕНТТЕР ОРТОСУНДА САРМЕРДЕН ОЮНУ ӨТКӨРҮЛДҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » СТУДЕНТТЕР ОРТОСУНДА САРМЕРДЕН ОЮНУ ӨТКӨРҮЛДҮ
28 апрель 2024
25

СТУДЕНТТЕР ОРТОСУНДА САРМЕРДЕН ОЮНУ ӨТКӨРҮЛДҮ

СТУДЕНТТЕР ОРТОСУНДА САРМЕРДЕН ОЮНУ ӨТКӨРҮЛДҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде “Адептик тарбиянын улуттук нарк-насилдери” аталышында сармерден болуп өттү.
Иш чара мектепке чейинки педагогика жана жекече усулдар кафедрасы тарабынан уюштурулуп, мында Бк-23-1 тайпасынын жана Дт-23 тайпасынын студенттери кызуу таймаш курушуп, өз таланттарын тартуулашты.
Сармердендин салтына ылайык алгач саламдашуу айтылып, андан соң эки тарап элдик обондуу ырларды, бийлерди аткарып, жаңылмач, макал –лакап жана акыйнек айтышуу менен өз дараметтерин сынашты.
"Жобого ылайык студенттер тарабынан ар тараптуу, түрдүү номерлер аткарылып, көрүүчүлөрдүн сүрөөнү менен катышуучулар жогорку маанайда өздөрүнүн чыгармачылыктарын тартуулай алышты"-дейт аталган кафедранын башчысы Меринса Нишанбаева.
Жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан жылуу пикирлер айтылып, сармерденге активдүү катышкан студенттер уюштуруу тобу тарабынан Ардак грамота жана ыраазычылык каттар менен сыйланды.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro