7 май 2024
123
КОЛЛЕДЖДИН СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН КОНОК-ЛЕКЦИЯ УЮШТУРУЛДУ
КОЛЛЕДЖДИН СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН КОНОК-ЛЕКЦИЯ УЮШТУРУЛДУ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде дүйнөлүк тилдер кафедрасынын окутуучулары жана студенттери үчүн конок-лекция уюштурулду.
Мында ОшМУнун STEAM инновациялык колледжинин география мугалими, Япониянын Цукуба университетинде JASSO scholarship программасы менен окуп келген STEAM тренер Рахима Ибрагимова катышуучуларга заманбап билим берүүдөгү STEAMдин орду жана Япониядагы билим алуу программалары боюнча айтып берди.
Аны улай Аспект окуу борборунун мүчөлөрү “Европага окуу, жумуш, саякат” аталышында лекция окуп, тил үйрөнүүнүн артыкчылыктары, студенттер үчүн Европага чыгуу мүмкүнчүлүктөрү, жумуш орундар, саякаттын пайдасы тууралуу кеңири маалымат берди. Жыйынтыгында лекциянын катышуучулары тарабынан суроолор берилип, лекторлор тарабынан тиешелүү жооптор алынды.