КОЛЛЕДЖДИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ УЯДАН УЧТУ
КОЛЛЕДЖДИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ УЯДАН УЧТУ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде бүтүрүүчүлөрдү узатуу аземи уюштурулуп, окууну артыкчылык менен аяктаган студенттер сыйланды.
Салтанаттуу кечеге университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков, колледждин башчысы Токторбай Кырбашев, окутуучулар жамааты, бутүрүүчүлөр жана алардын ата – энелери катышты.
Кечеде университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков болочок педагогдорду кызуу куттуктоо менен аларга ак жол тилеп, агартуу тармагында ак кызмат өтөй беришине тилектеш экендигин билдирди. Ошондой эле колледждин башчысы Токторбай Кырбашев да быйылкы окуу жылын ар тараптуу өзгөчөлөнгөн мыкты студенттер аяктап жатышканын баса белгиледи.
Аны улай татыктуу билим алуу менен, окуу жайдын билим берүү, спорт жана маданий тармагын өнүктүрүүгө салым кошуп, ийгилик жараткан студенттерге университеттин жана мэриянын Ардак грамотасы ыйгарылып, ата – энелерине ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Бул менен бирге иш чара бүтүрүүчүлөрдүн маданий кечеси менен коштолуп, мында чыгармачыл студенттер тарабынан концерттик программа тартууланып, обондуу ырлар, бийлер, көркөм окуулар айтылып, уядан учуп жаткан бүтүрүүчүлөр окутуучуларга жана окуу жай жамаатына ыраазычылык сөздөрүн айтышты.