КОЛЛЕДЖДЕ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ДЕКАДА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » КОЛЛЕДЖДЕ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ДЕКАДА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
23 сентябрь 2024
37

КОЛЛЕДЖДЕ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ДЕКАДА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

КОЛЛЕДЖДЕ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ДЕКАДА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата уюштурулган 10 күндүк декада жыйынтыкталып, адабий-музыкалык кече өткөрүлдү.
Иш чара “Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун” аталышында болуп, ага колледждин башчысы Токторбай Кырбашев баштаган окутуучулук жамаат жана студенттер катышты. Мында таланттуу студенттер тарабынан концерттик программа коюлуп, кыргыз тилин даңазалаган көркөм окуу, ыр, бий, сахналык көрүнүштөр аткарылып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартууланды.
Белгилей кетсек буга чейин колледжде Мамлекеттик тил күнүнө арналган 10 күндүк декада жарыяланып, анын алкагында ачык тарбиялык сааттар өткөрүлүп, ыр, дил баян жазуу сынактары уюштурулуп, тегерек стол, дискуссиялар өткөрүлүп, тилчи-окумуштуулардын эмгеги тууралуу көргөзмөлөр көрсөтүлгөн. Аталган сынактардын жеңүүчүлөрү бул кечеде диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Саамалык “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялоо максатында КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы №140/1 Буйругунун негизинде уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro