3 декабрь 2024
5
ОшМПУнун СТУДЕНТИ ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯДА 1-ОРУНДУ БАГЫНДЫРДЫ
ОшМПУнун СТУДЕНТИ ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯДА 1-ОРУНДУ БАГЫНДЫРДЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледж бөлүмүнүн студенти Сайкал Акматова ОшМУда өткөн илимий конференцияда 1-орунду багындырды.
Аталган саамалык "Студент жана илимий-техникалык прогресс" аталышында ХI аймактык студенттик илимий конференция болуп, ага ОшМУ, ОшТУ, КӨЭАУ, ЖАМУ, БатМУ сыяктуу жогорку окуу жайлардан келген сутуденттер катышты. Илимий конференцияга 400дөн ашуу илимий макалалар даярдалып, баяндамалар жасалды.
Катарда окуу жайдын колледж бөлүмүнүн дене тарбия жана табигый илимдер кафедрасынын мугалими Гүлзат Казиеванын илимий жетекчилиги астында Ан-22-3 тайпасынын студенти Сайкал Акматова “Илимий-техникалык прогресс жана санариптештирүү: студенттерге тийгизген таасири жана педагогикалык ролу" деген темада макала даярдап, 1-даражадагы диплом менен сыйланды. Бул менен бирге дал ошол тайпанын студенти Улугай Рахим кызы "CRISPR технологиясы, генетикалык революция аркылуу келечекке жол" аталышында илимий макала жасап, активдүү катышкандыгы үчүн сертификат менен сыйланды.