13 февраль 2025
62
КОЛЛЕДЖДЕ КОСМЕТОЛОГ МЕНЕН КЫЗДАРДЫН ЖОЛУГУШУУСУ ӨТТҮ
КОЛЛЕДЖДЕ КОСМЕТОЛОГ МЕНЕН КЫЗДАРДЫН ЖОЛУГУШУУСУ ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде кыздар үчүн “Кыз жана сулуулук” аталышында косметолог менен жолугушуу уюштурулду.
Иш чара колледждин кыздар кеңеши тарабынан уюштурулуп, конокто Ош шаарында эмгектенген врач-косметолог Кумара Сатарова болду. Жолугушууга колледжде окуган 2,3-курстун студент кыздары катышып, мында косметолог өзүнүн 9 жылдык тажрыйбасы менен бөлүшүп, кыздар үчүн бетке туура кам көрүү туурасында пайдалуу кеңештерин берди.
Саамалык суроо-жооп менен коштолуп, студенттерге косметолог туура косметика тандоо, косметологиядагы заманбап тенденциялар, бет тазалоонун түрлөрү, бетти агартуучу каражаттар, косметологиялык процедуралар, безеткилерден, тактардан арылуу жана чачтын өсүүсүнө кам көрүү жөнүндө кеңири маалыматтарды берди. Соңунда мыкты суроолорду берген студенттерге косметикалык каражаттарды белек катары тапшырды.



