17 апрель 2025
31
ОшМПУнун ОКУТУУЧУСУ ШАМИР МОНДОШОВ “СЕРЕП” ДИЛ МАЕК ПРОГРАММАСЫНДА КОНОКТО
ОшМПУнун ОКУТУУЧУСУ ШАМИР МОНДОШОВ “СЕРЕП” ДИЛ МАЕК ПРОГРАММАСЫНДА КОНОКТО
Салтка айланып калган “Сереп” дил маек программасынын бул жолку коногу ОшМПУнун окутуучусу, педагогика илимдеринин кандидаты Шамир Мондошов болду.
Иш-чарага окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган окутуучулук жамаат, студенттер Шамир Мондошовдун жакындары, кесиптештери, шакирттери жана үй-бүлөсү катышып, агайдын бай тажрыйбасына, мугалимдик жолундагы үзүрлүү эмгегине саресеп салышты.
Дил маектин жүрүшүндө коноктор каарман тууралуу өз пикирлери менен бөлүшүп, анын турмуш жолундагы таасирдүү учурларын эске салышты. Мында Шамир Насырович тууралуу өзгөчө ойлорду анын бир тууганы Жамшитбек Мондошов, курсташы Төрайым Эргешова, өмүрлүк жары Апиза Омарова, кесиптеши Калипа Жаанбаева, уулу Бегалы Мондошов жана шакирттери Айдың Токтосунова, Бектур Исамидин уулу сөз сүйлөп, анын адамдык бийик сапаттарын белгилеп өтүштү.
Бул менен бирге алыскы жакындарынын да ой бөлүшкөн видео тасмалары көрсөтүлдү. Андан соң программанын экинчи бөлүгү Шамир Мондошовдун студенттер тарабынан берилген ар тараптуу, кызыктуу суроолоруна тамашалуу жооп берүүсү менен уланды. Мыкты суроолорду берген студенттерге ыраазычылык билдирүү менен түрдүү белектерди тартуулады. Ошондой эле уюштуруучулар тарабынан да белектер тапшырылып, саамалык жылуу пикирлер менен соңуна чыкты.