ОшМПУнун окутуучусу П.Садирова 7 дубанда мастер-класс өтүп келди » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУнун окутуучусу П.Садирова 7 дубанда мастер-класс өтүп келди
19 апрель 2025
6

ОшМПУнун окутуучусу П.Садирова 7 дубанда мастер-класс өтүп келди

ОшМПУнун окутуучусу П.Садирова 7 дубанда мастер-класс өтүп келди
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинин «Мектепке чейинки педагогика жана жекече усулдар» кафедрасынын окутуучусу «Эл агартуунун
мыктысы», «Эл аралык тренер», бир нече сыйлыктардын ээси Садирова Паридахан Асановна ОшМПУнун 100жылдык маарекесине карата «Жети дубан – жетимиш өнөр» долбоорунун негизинде көркөм өнөр жана технология дисциплиналары боюнча
мастер-класс уюштурду.
Бул долбоор педагогикалык колледждин “Башталгычкласстарда окутуу” адистигинде окуган студенттердин билим алуусун жакшыртуу, окутуу
процесстерин жаңылоо максатында уюштурулган.
Мастер-класстын жүрүшүндө П.Садирова студенттергекөркөм өнөр жана технология сабактарын өтүүдө колдонулган ыкмаларды бардык
сабактарда колдонууну көрсөттү. Ал өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп,студенттердин чыгармачылыгын жана техникалык жактан өнүгүүсүн кантип жогорулатууга
болору тууралуу маалымат берди. Көрсөтмө куралдарды бардык предметтергеайкалыштыра билүүнү жана колдонуу ыкмаларын чечмелеп берди.
Иш-чара студенттер үчүн өтө пайдалуу болду, анткени алар жаңы, заманбап
педагогикалык методикаларды үйрөнүп, көркөм өнөр жана технологиядисциплиналарынын негиздерин тереңирээк түшүндү. ОшМПУнун окутуучусу Паридахан
Садированын методикасы жогорку сапаттагы билим берүүнү камсыз кылуу үчүнмаанилүү болгон жаңы көз караштар менен тааныштырып, студенттерге өз
чыгармачылыгын иш жүзүндө колдонууга жардам берди.
Мындай саамалыктар студенттердин педагогикалык билимин чыңдоого жана окутуу процессинзаманбап талаптарга ылайыктап өзгөртүүгө чоң салым кошот.
Окуу жайлардын жетекчилери, педагогикалык жамаат өтүлгөн мастер класс ийгиликтүү
жана жемиштүү болгондугун баса белгилөө менен баалуу белектер жана ыраазычылыккаттар менен сыйлашты.
Семинар төмөндөгү мекемелерде өткөрүлдү
1. ОшМу индустриалдык-педагогикалыкколледжине 14.02.2025
2. Баткен мамлекеттик университетинин М.М. Тайиров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык педагогикалыкинститутуна 20.02.2025
3. Б.Осмонов атындагы Жалал-АбадМамлекеттик университети, Жалал-Абад педагогикалык колледжине 06.03.2025
4. Талас мамлекеттик университетинин кесиптик орто билим
берүү колледжине, 17.03.2025
5. .Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалыкинститутуна 18.03.2025
6. С. Нааматов
атындагы НМУнун, К.Мамбетакунов атындагы Нарын пед колледжине, 19.03.2025
7. К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжине 20.03.2025   
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro