ОшМПУнун колледжинде мектепке чейинки билим берүү боюнча семинар өткөрүлдү » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУнун колледжинде мектепке чейинки билим берүү боюнча семинар өткөрүлдү
21 апрель 2025
9

ОшМПУнун колледжинде мектепке чейинки билим берүү боюнча семинар өткөрүлдү

ОшМПУнун колледжинде мектепке чейинки билим берүү боюнча семинар өткөрүлдү
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде колледждин мектепке чейинки педагогика жана жекече усулдар кафедрасы тарабынан “Нур-Сабат” билим берүү борбору менен биргеликте семинар уюштурулду.
Ага региондордон жана шаардан келген 80ден ашуун мектепке чейинки мекемелердин тарбиячылары жана бүтүрүүчүлөр катышты. Иш-чараны университеттин окуу иштери боюнча проректору б.и.д., профессор Каныбек Раимбеков ачып берип, аталган семинардын маанилүүлүгүнө токтолду. Ал өз сөзүндө баланын алгачкы тарбиясы дал ушул мектепке чейинки этаптан башталаарын белгилеп, мындай семинарлар тарбиячылардын билимин өркүндөтүүдө маанилүү экенин айтты. Бул менен бирге колледждин деканы Токторбай Кырбашев дагы тарбиячынын орду тууралуу пикирин билдирип, бүгүнкү күндөгү мыкты тарбия жакшы усулчу адиске байланыштуу экенин белгиледи.
Семинардын негизги бөлүгүн “Нур-Сабат” билим берүү борборунун тренерлери Нургүл Шарапова жана Тамара Жузубалиева өтүштү. Алар “Мектепке чейинки билим берүүдөгү инновациялык технологиялар жана STEAM билим берүү” темасында баяндама жасап, 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктары, бала-бакчалардагы заманбап усулдар, дидактикалык каражаттар жана пландоо иштери тууралуу кеңири маалымат беришти. Мында катышуучулар бала тарбиялоонун учурдагы ыкмалары, муктаждыктары жана көйгөйлөрү боюнча кызыктуу көндүмдөргө ээ болушту. Ошондой эле өз ишмердүүлүгүндө колдонууга багытталган түрдүү практикалык иштерди алып барышты.
Иш-чаранын соңунда университеттин ректору п.и.д., профессор Бекмурза Зулуев жана окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Равшан Абсатаров “Нур-Сабат” борборунун тренерлерине ыраазычылык каттарды жана атайын белектерди тапшырышты. Бул менен бирге семинарды жогорку деңгээлде уюштурган мектепке чейинки педагогика жана жекече усулдар кафедрасынын башчысы Меринса Нишанбаева баштаган жамаатка да ыраазычылыктар айтылды.   
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro