23 апрель 2025
19
ОшМПУда “Кыргыздын салт-саанасы – түбөлүк мурас” аттуу сармерден өттү
ОшМПУда “Кыргыздын салт-саанасы – түбөлүк мурас” аттуу сармерден өттү
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде кыз-жигиттин сармерден оюну өткөрүлдү.
Иш-чара “Кыргыздын салт-саанасы – түбөлүк мурас” аталышында болуп, ага колледждин деканы Токторбай Кырбашев баштаган окутуучулар жамааты жана студенттер күбө болушту. Мында Мч-24-1 жана Дт-24-1 тайпаларынын студенттери сармердендин салтына ылайык ата-бабадан калган тарбиялык баалуулуктарды чагылдырып өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Саамалыктын жүрүшүндө элдик ырлар, бийлер, жаңылмачтар, макал-лакаптар жана табышмактар айтылып, кыз-жигиттер акыйнек айтышып, сармердендин көркүнө көрк кошушту. Жыйынтыгында мыкты катышуучулар ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты. Иш-чара улуттук мурастарды сактоо менен бирге жаштардын интеллектуалдык, маданий жана нравалык дүйнөсүн байытуу максатын көздөйт.