13 май 2025
11
Дүйнөгө жаңы көз караш: ОшМПУда келечек ээлерин тарбиялоого багытталган интеллектуалдык таймаш өттү
Дүйнөгө жаңы көз караш: ОшМПУда келечек ээлерин тарбиялоого багытталган интеллектуалдык таймаш өттү
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде окуу жайдын 100 жылдыгына карата студенттер ортосунда интеллектуалдык оюн өткөрүлдү.
Технологиянын тездик менен өнүгүшү жаштарды жаңыча ой жүгүртүүгө үндөп, алардын дүйнөгө болгон көз карашын өзгөртүп келет. Дал ушул максатты көздөгөн “Дүйнөгө жаңы көз караш” аттуу интеллектуалдык таймаш окуу жайдын колледжинде өткөрүлүп, ал информатика жана математика кафедрасы тарабынан уюштурулду.
Салтанатты университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков ачып, катышуучуларга ийгиликтерди каалады. Таймаш жаштардын инновациялык ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын, глобалдык маселелерге болгон терең түшүнүгүн өнүктүрүүгө багытталган. Мында илим, маданият, технология, экология жана социалдык өнүгүү сыяктуу темалар камтылып, катышуучулар өздөрүнүн логикалык жана аналитикалык жөндөмдөрүн көрсөтүштү.
Иш-чара төрт этаптан туруп, алгач командалар саламдашып, аталышын жана логотибин коргоп, 6 категория боюнча суроолорго жооп беришти. Андан соң капитандардын брейн-ринг таймашы өтүп, “Келечек — жасалма интеллекттин көз карашы менен” деген темада үй тапшырмасын сунушташты. Таймашка “Кибер Кыргыз”, “Финкод”, “Digital Karasuno” жана “AI Жылдыздар” аттуу командалар катышып, анда командалардын ар бири технологияга болгон жаңычыл мамилеси жана чыгармачылыгы менен айырмаланды.
Жыйынтыгында калыстар тобу катышуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн, инновацияга болгон көз карашын жогору баалап, жеңүүчүлөргө диплом, грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Аталган саамалык жаштарга дүйнөгө башкача көз караш менен караганга, чыгармачыл жана сынчыл ой жүгүртүүгө түрткү берди. Бул сыяктуу иш-чаралар болочок педагогдордун, келечектеги жаңычыл лидерлердин өсүшүнө жол ачат.


