Поэзия кечеси: Акын Улукбек Омокеев ОшМПУда » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » Поэзия кечеси: Акын Улукбек Омокеев ОшМПУда
27 май 2025
9

Поэзия кечеси: Акын Улукбек Омокеев ОшМПУда

Поэзия кечеси: Акын Улукбек Омокеев ОшМПУда
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде поэзия кечеси уюштурулуп, конокто акын Улукбек Омокеев болду.
Иш-чара окуу жайдын 100 жылдыгына карата жана КР Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жарлыгынын алкагында өткөрүлүп, ага колледждин башчысы Токторбай Кырбашев баштаган окутуучулар жана студенттер күбө болушту.
“Жалпыңды чакырдык ыр ук деп, жаштыгын кайрысын Улукбек” аталышындагы бул саамалык акындын лирикалык дүйнөсүнө сүңгүп кирип, поэзияга суусаган угармандарга руханий ырахат тартуулады. Мында Улукбек Омокеевдин ырлары студенттер тарабынан көркөм айтылып, обондуу ырлары жаңырды.
Ошондой эле кеченин жүрүшүндө акын өзү да ырларын угармандарга тартуулап, жаштардын суроолоруна таамай жооп берип, катышуучуларга чыгармачылыгы тууралуу ой бөлүштү. Жыйынтыгында акынга уюштуруучулар тарабынан белектер тапшырылып, иш-чара жылуу пикирлер менен соңуна чыкты.
Белгилей кетсек аталган адабий кече жаштар арасында поэзияга болгон кызыгууну арттыруу, улуттук адабиятты даңазалоо жана акындар менен баарлашуу аркылуу студенттердин жан дүйнөсүн байытуу максатында колледждин мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан уюштурулду.
Маалымат иретинде, Улукбек Омокеев 1988-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Чалма айылында төрөлгөн. “Жаз жыты”, “Кеч күздөгү сулуулар” “Ата-сүйүү” сыяктуу ыр жыйнактарынын автору. Алыкул Осмонов жана Эгемберди Эрматов атындагы адабий сыйлыктардын лауреаты ж.б сыйлыктардын ээси жана “Жигер” чыгармачыл жаштар борборунун негиздөөчүсү.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro