ОшМПУда ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ, ЖАШЫЛ ЭКОНОМИКА БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ, ЖАШЫЛ ЭКОНОМИКА БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТТҮ
14 октябрь 2022
381

ОшМПУда ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ, ЖАШЫЛ ЭКОНОМИКА БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТТҮ

ОшМПУда ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ, ЖАШЫЛ ЭКОНОМИКА БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТТҮ
2022-жылдын 12-13-октябрь күндөрү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Туруктуу өнүгүү, туруктуу өнүгүүнүн максаттары, климаттын өзгөрүүсү, жашыл экономика” деген аталышта семинар болуп өттү.
Семинар ЕККУ (Европадагы Коопсуздук Кызматташтык Уюму) тарабынан уюштурулуп, ага окуу жайдын табият таануу-география факультетинин окутуучулары жана табигый илимий билим берүү багытындагы бакалавр жана магистр академиядык даражадагы студенттер катышты.
Семинардын тренерлери Жылдыз Дуйшенова, Калиман Джунусалиева алгач маалымат жайылтуунун түрдүү усулдары аркылуу катышуучуларга тема боюнча кеңири түшүндүрмө беришип, милдеттери, максаттары, пландары тууралуу токтолуп өтүштү. Ал менен бирге катышуучулар ошол учурда алган маалыматтары менен кайтарым байланыштарды кылышып, ага ылайык чакан долбоорлорду жазуу тапшырмасын аткарышып, атайын пландын негизинде жазган долбоорлорунун тааныштырмасын да өткөрүштү.
Мында жалпысынан туруктуу өнүгүүнүн окуу процессине ишке ашыруу жөнүндө, туруктуу өнүгүүнүн табийгатка, жаратылышка байланышкан максаттары жана жогорку окуу жайларга жайылтуу жөнүндө актуалдуу маалыматтар жайылтылды.
 
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro