РЕКТОРДУН БИЛИМ КУБОГУНУН ҮЧҮНЧҮ АЙЛАМПАСЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » РЕКТОРДУН БИЛИМ КУБОГУНУН ҮЧҮНЧҮ АЙЛАМПАСЫ
12 октябрь 2022
528

РЕКТОРДУН БИЛИМ КУБОГУНУН ҮЧҮНЧҮ АЙЛАМПАСЫ

РЕКТОРДУН БИЛИМ КУБОГУНУН ҮЧҮНЧҮ АЙЛАМПАСЫ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде ректордун “Билим кубогу” ойнотулду.
Иш чара мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына карата белгиленген 1 айлыктын алкагында уюштурулуп, мында университеттин 7 факультетинен тандалып чыккан билимдүүлөр ат салышты.
Алар жалпы суроо, тандоо желеси, ой чабыт жана сабаттуулук, сыр сандык деп аталган 4 бөлүктө суроолорго жооп берип, ар бир катышуучу топтогон упайына жараша алдыңкы турга өтүштү. Бул менен бирге күйөрмандар үчүн да белектер жана кызыктуу суроолор камтылып, “Мыкты күйөрман” тандалды.
Финалда эң жогорку упайларды камсыздаган 2 студент жарышып, кубокту Табият таануу жана география факультетинин Г-20 тайпасынын студенти Мухаммедтаир Шамырбеков багындырды. 2-орунду Гуманитардык факультетинин Т-20 тайпасынын студенти Акбермет Суранали кызы ээлесе, 3-орунга Математика жана компьютердик-технологиялар факультетинин Ин-19 тайпасынын студенти Роза Эсеналиева ээ болду.
Соңунда окуу жайдын ректору сөзгө чыгып: “Студент убакта жакшы окуп, тил үйрөнүп, коомдук иштерде активдүүлүк жаратып калууга мүмкүнчүлүгүңөр чоң. Бүгүнкүдөй ылдам өнүгүү заманында интеллектуалдык деңгээлиңер, илимий потенциалыңар жана креативдүү ой жүгүртүүңөр жогору болушу зарыл. Ошондуктан улуттук баалуулуктарды сактап, эң алгач өз тилиңерди эске алуу менен, жаңы билимдерге умтулушуңарга тилектешмин.”-, деп билдирди Бекмурза Зулуев.
Белгилей кетсек, билим таймаш ар бир адамдын улуттук духун, өлкөгө болгон сүйүүсүн, тилге карата мамилесин жакшыртуу жана улуттук нарк-насилдердин баалуулугун сактоо максатында окуу жайдын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү борбору тарабынан уюштурулду.
 
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro