20 октябрь 2022
617
Профессор ГУЛСАРА ОМУРАЛИЕВА атында каана ачылды
ПРОФЕССОРДУН УРМАТЫНА ЖАҢЫ КААНА АЧЫЛЫП, ЖАРМАНКЕ УЮШТУРУЛДУ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору Гулсара Омуралиеванын 75 жылдыгына арналган юбилейлик иш чаранын ачылыш аземи болуп өттү.
Ага ылайык Табият таануу жана география факультетинин окутуучулар жана студенттер жамааты тарабынан күзгү жарманке уюштурулуп, спорттук оюндар көрсөтүлдү. Жарманкеге университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамаат катышып, ректор профессорду 75 жашы менен куттуктап, өз белегин тапшырды.
Аны улай окутуучулар Гулсара Омуралиева атындагы жаңы каананын ачылышына күбө болуу менен, анын кызыл тасмасын кесишти. Каана заманбап үлгүдөгү материалдык каражаттар менен жабдылып, ага профессордун эмгектери, окуу-усулдук китептери, сыйлыктары жана өмүр таржымалын камтыган маалыматтык стенттер жайгаштырылган.