ПРОФЕССОР ТАСИЛКАН ЖУМАБАЕВАДАН КОНОК-ЛЕКЦИЯ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ПРОФЕССОР ТАСИЛКАН ЖУМАБАЕВАДАН КОНОК-ЛЕКЦИЯ
8 февраль 2023
380

ПРОФЕССОР ТАСИЛКАН ЖУМАБАЕВАДАН КОНОК-ЛЕКЦИЯ

ПРОФЕССОР ТАСИЛКАН ЖУМАБАЕВАДАН КОНОК-ЛЕКЦИЯ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде табигый-илимий билим берүү багытында "Туруктуу өнүгүүнүн негизги максаттары" аталышында конок-лекция уюштурулду.
Иш чаранын коногу КРнын улуттук илимдер академиясынын мүчөсү жана биология илиминин доктору, профессор Тасилкан Жумабаева болуп, ал табият таануу жана география факультетинин окутуучуларына, аспиранттарга магистранттарга жана студенттерге лекция окуду.
Мында лектор туруктуу өнүгүүнүн 17 максаты тууралуу маалыматтарды жана билим берүүдө кандай компотенттерге ээ болуу керектиги жөнүндө кенен түшүнүк берди. Ошондой эле студенттерди туруктуу өнүгүүгө салым кошууга багыттаган бир топ мисалдарды келтирип, кызыктуу талкууларды жүргүздү.
Жыйынтыгында лекциянын катышуучулары тарабынан суроолор берилип, профессордон тиешелүү жооптор алынды. андан соң профессор университеттин ректорунун кабыл алуусунда болуп, конок-лекцияларды уюштуруу боюнча баарлашышты.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro