КЫРГЫЗСТАНДЫН ТУРИЗМ ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮ БАГЫТЫНДА СЕМИНАР ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » КЫРГЫЗСТАНДЫН ТУРИЗМ ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮ БАГЫТЫНДА СЕМИНАР ӨТТҮ
7 февраль 2024
162

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТУРИЗМ ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮ БАГЫТЫНДА СЕМИНАР ӨТТҮ

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТУРИЗМ ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮ БАГЫТЫНДА СЕМИНАР ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Кыргызстандагы ички туризмдин бүгүнкү абалы” аталышында семинар болуп өттү.
Иш чарага окуу жайдын табият таануу жана география факультетинин студенттери катышып, конокто Швейцариянын Берн колдонмо илимдер университетинин бүтүрүүчүсү, Alay Too Tourism Advisory OCOO компаниясынын консультанты, альпинист Марсел Жаун болду.
Мында ал катышуучуларга өлкөбүздүн ички туризми, анын бүгүнкү күндөгү абалы, өсүү деңгээли жөнүндө кеңири маалымат берип, туризмди өнүктүрүү үчүн биз кандай кадамдарды таштап, кандай иш – аракеттерди жасообуз керек деген маселени көтөрүп, өз кеп - кеңештери менен бөлүштү. Ошондой эле туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган алгачкы кадамдар, мүмкүнчүлүктөр жана аларга тоскоол болгон бир канча көйгөйлөр жөнүндө талкуу жүрдү.
Белгилей кетсек семинар аталган факультеттин география адистигинде окуган студенттерге сырттан келген туристтерди кабыл алууда, Кыргызстандын кооз аймактарын чет өлкөлүк жарандарга таанытууда жана туристтерге кызмат көрсөтүүдө жана өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүсүн камсыз кылуу максатында уюштурулган.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro