ОшМПУ: СТУДЕНТТЕР МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ДАҢАЗАЛАШТЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУ: СТУДЕНТТЕР МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ДАҢАЗАЛАШТЫ
11 октябрь 2024
16

ОшМПУ: СТУДЕНТТЕР МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ДАҢАЗАЛАШТЫ

ОшМПУ: СТУДЕНТТЕР МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ДАҢАЗАЛАШТЫ
Бүгүн 10- октябрь Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин табият таануу география факультетинде Кара-Кыргыз облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жана мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына арналып маданий кече уюштурулду.
Иш-чарага факультеттин окуу иштери боюнча декандын орун басары Жоодар Илиязов, биология, химия жана жаратылышты пайдалануу кафедрасынын башчысы, профессор Анарбай Бабеков баштаган окутуучулар жааматы жана студенттер күбө болушту. Майрамдык салтанат мамлекеттик тилди сактоого, анын кадыр-баркын көтөрүүгө жана өнүгүшүнө салым кошуу максатында өткөрүлүп, мында таланттуу студенттер кыргыз тилинин баалуулугун даңазалаган сахналык көрүнүштөрдү тартуулап, комузда кол ойнотушту. Бул менен бирге көркөм окуу, обондуу ыр, бий, программалары да аткарылды.
Майрамдык иш чара 23-сентябрь “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында өткөрүлдү.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro